Депутат өкмөт башчынын кортежин сынга алды

Парламент депутаты Исхак Масалиев өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кортежин Жалал-Абад облусундагы сапарында кыймылга тоскоол болгону үчүн сынга алды:

— Сиз Жалал-Абадга барган жакшы иштериңиз бир эле кадам менен терс таасирин берди. Сиз барганга чейин жолду тосуп, жарандарга тоскоол болду. Мен эстеп атам, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев бир гана МАИ менен айылдарды кыдырчу. Ушуну токтоткулачы!

Буга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «сын пикирлер эске алынат» деп жооп берди. 8-декабрь күнү Сузак районунда «өкмөт башчынын автоунаасы өтөт» деп жолду тосуп жаткан видео Интернетке тарап, кызуу талкууга алынган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу