Депутат: “Урматтуу министрлер же угушсун, же чыгып кетишсин”

Бүгүн,7-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда жаңы шайланып келген
өкмөт курамы ант беришти.
Ант берүү аземи бүткөндөн кийин министрлер жыйындан кетишип, депутаттар отурумду улантышты.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова “Бир Бол” фракциясынын депутаты Улугбек
Ормоновго сөз берди.
Депутат Улугбек Ормонов сөзүн баштаарда залда ызы-чуу болуп жаткандыгын белгилеп, “Урматтуу
министрлер же угушсун, же чыгып кетишсин”, деди. Алтынай Өмүрбекова депутаттарды тынчтанууга
чакырып, “Урматтуу министрлер залдан чыгып кетиңиздер”, -деп айтты.
Министрлер толугу менен чыгып кеткенден кийин, депутат Улугбек Ормонов Казакстанда кысымга
кабылган мекендештерибиздин көйгөйүн көтөрдү.
“Биз бажы биримдигине киргенибизге 3 жылдай болуп калды. Россияга каттаган жарандарыбыз көп.
Биздин жарандар Казакстанда көп кысымга кабылып жатышат. Аларды Казак полициясы эч себеби
жок эле кармап жатышыптыр. Россияда мындай маселе жок. Кыргыз менен Казак бийлиги бул
маселени тез арада чечиш керек”,- деди.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу