Депутат Улугбек Ормонов: «Конгантиевдин 7-Апрель окуясына такыр тиешеси жок»

Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши 8 жылдан кийин токтотулду. SUPER.KG порталынын «Бакиевдин кадрларынын акталганы 7-апрелде шейит кеткендерге убал эмеспи?» деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов жооп берди.

Ал 2010-жылы 6-апрелде Таласта митингге чыккан элге каршы курал колдонулбаганынын бирден бир себепкери Молдомуса Конгантиев экенин айтты.

«2010-жылы 7-апрель күнү Молдомуса Конгантиев Бишкекте эмес, Таласта болгон. Анын 7-Апрель окуясына такыр тиешеси жок. Тескерисинче, 2010-жылы 6-апрелде Таласта адамдарга каршы курал колдонулбаганынын бирден бир себепкери ушул киши болуш керек. Ошол учурда министр Конгантиевдин кандай сабалганын баарыбыз көргөнбүз. Ага карата кылмыш иши ушул күнгө чейин жүрүп калганы да түшүнүксүз», — деди Ормонов.

БУЛАК: СУПЕР.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу