Депутат тажрыйбасы жок, 2016-жылдын ичинде 2 жолу сөгүш алган Д. Догоев кантип Мамкаттоонун жетекчиси болгондугун айтып берүүнү суранууда

“Бир Бол” фракциясынан депутат Жаныбек Бакчиевди эмне себептен Мамлекеттик
Каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев болгондугу кызыктырууда. Бул тууралуу ал
27-июнда өткөн Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.
“30 жаштагы Дастан Догоев МККнын жаңы жетекчиси болуп дайындалды. 2016-жылы ага
2 жолу сөгүш берилген: берилген жумушту талаптагыдай аткарбагандыгы жана ишти
уюштуруудагы төмөнкү сапаты үчүн. Өзү бул жерде отургандан уялды окшойт,
ошондуктан чыгыштын айласын таап кетип калды (Д. Догоев Өкмөттүн отуруму бар деп
парламенттин отурумунан чыгып кетен). Ал “Инфоком” МИнин куратору. Эмне үчүн
жетекчилик тажрыйбасы жок адамды мындай структураларга коюш керек? Догоевди бул
кызматка коюуда кайсы шарттар каралды?” – деп сурады депутат.
Андан сырткары парламентарий “Догоевге ишеним өтө чоң аванс менен берилди” деп
кошумчалады.
Ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “мен ал жакты көзөмөл кылбайм жана аны
жетекчи кылып даярдоодо кандай шарттар каралганын айтып бере албайм, балким
ошол МККны караган вице-премьер айтып береттир” – деп жооп кайтарды.
Ал эми МККны вице-премьер Олег Панкратов көзөмөл кылары белгиленди.
Маалымат үчүн: Ж. Бакчиев 2009-жылдын 23-октябрынан 2010-жылдын апрелине чейин
жана 2011-жылдын 19-январынан 2012-жылдын 9-январына чейин Мамлекеттик Каттоо
кызматынын жетекчиси кызматын аркалап келген.

Булак: Kyrgyztodei.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу