Депутат Рыскелди Момбековдун “Фабула” гезити чыкпай калды

КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков кожоюндук кылган атамбаевчил “Фабула” гезити чыкпай токтоп калды. Кыргызстандагы гезит рыногунда шугулданган ишкерлердин айтымында “Фабуланын” акыркы үч номуру  сатыкка чыккан эмес.

Эксперттер мунун бир нече себептерин болжошууда.

Биринчиден, “Фабула” гезитинин көмүскөдөгү кожоюну, депутат Рыскелди Момбековдун 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин “Учкун” басмасында директор болуп иштеп турган чактагы мыйзам бузуулары боюнча козголгон кылмыш ишинин кайра жандандырылышы.

Экинчиден, депутат Рыскелди Момбековдун жогорку билими тууралу дипломунун жасалма экендиги тууралу маалыматтын коомчулукта кеңири талкууланышы жана “курсташтарыңыздын аттарын атаңыз?” деген суроо-талапка депутат эч кимдин аттарын атай албай жатышы. Эгер Момбековдун диплому чын эле жасалма болсо анда ага кылмыш иши козголуп, депутаттык мандатын тапшырып кетүүгө аргасыз болот. Сот жообуна тартылат. Ошондуктан биз мурун эле болжогондой бийлик менен кагылышкысы келбеген Момбеков гезитинин көзүн тазалайт.

Үчүнчүдөн, “Фабула” гезити тымызын түрдө Атамбаев тарабынан каржыланып тургандыктан чыгып келген. Азыр жогорку иштерине байланыштуу Атамбаевге мурдагыдай жакын мамиледе байма-бай каттап туруу мүмкүн болбой калды. Демек каржы булагы токтоду. Баса, депутат Рыскелди Момбеков өткөн жумаларда ММКларга берген интервьюсунда Атамбаев ага үй, машина жана башка кымбат баалуу мүлктөрдү сатып алууга да акчалай жардам берип келгенин өзү моюнга алды.

Азыр Рыскелди Момбековдун алдында бир диллема турат: Атамбаев менен бирге болуу жана эркиндигинен ажыроо тобокелчилиги же Атамбаевден алыс болуп бийликке кызмат кылуу менен өзүнүн коомдогу ордун сактап калуу. Кайсы жолду тандайт? Ал Момбековдун  иши.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу