Депутат Рысалиев: «Бишкек мэриясы кышында 20 үй-бүлөнү көчөгө кууп чыгарды»

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын
20 кызматкери үй-бүлөсү менен жашаган муниципалдык имараттан кыштын күнү көчөгө чыгарылганын айтты. Эл өкүлү бул маселе боюнча өкмөт көңүл бурушу керектигин билдирди.

«Бишкек шаарынын мэриясы 6-декабрда аталган кызматтын 20 кызматкерин үй-бүлөсү менен сыртка кууп чыгыптыр. Ал жер Фучик көчөсүндө жайгашкан №36-жатак абагы болгон. Мурда абактагы адамдар жашачу. Кийин ал жер бошотулганда ЖАМКнын кызматкерлери абакты оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жашоого ылайыкташтырып алышкан. Аталган кызматтагыларга канча жылдан бери бир да батир бериле элек. Укук коргоо тармагында эң аз маяна алгандар ЖАМК кызматкерлери. Ошондуктан өкмөт буларга көңүл бурушу керек. Чыгарылган 20 үй-бүлө жаз мезгилине чейин жашап турса жакшы болот эле. Кыштын күнү кайда барышмак эле?» — деди Рысалиев.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу