ДЕПУТАТ: “РОЗА ОТУНБАЕВА БИР НЕРСЕ БОЛУП КЕТСЕ МАНАСТЫН ЖАНЫНА КОЮШ КЕРЕК”

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев экс-президент Роза Отунбаева бир нерсе болуп кетсе Манастын жанына  коюш керек деди.

Депутат “Роза Исаковна 31-августа Атамбаев сүйлөп жатканда эч унчукпай туруп турган жеринен түз басып кетип калды. Андан кийин дагы бир дагы интервью берген жок. Муну менен Отунбава бийиктигин, аял болсо дагы ушунчалык бекем, таза, туруктуулугун көрсөттү. Бир дагы эмоциясын айтып, билдирген жок. Бүгүнкү күндүн Курманжан даткасы. Өткөндө мен Таласта айттым “Таласта Манастын күмбөзүндө Манас жалгыз жатат, баары бир ак карага эртели кеч моюн сунабыз.  Эгер Роза Исаковна  бир нерсе болуп кете турган болсо Манастын жанына барып коюш керек”  дедим. Бирок Роза Исаковнага көп өмүр каалайм, бактылуу болсун! Көп жашасын, көп нерселерди көрсүн.  Мен сыймыктанам ушундай эжекебиз бар экенине” деди.

Белгилей кетсек, былтыр  31-августта Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 26  жылдыгын белгилөө салтанатында Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн, Роза Отунбаева менен Өмүрбек Текебаевди, Темир Сариевди жана башкаларды мамлекеттик оор кылмыштар менен айыптап, кескин сынга алган.  Ага таарынган Роза Отунбаева салтанатты таштап ордунан туруп кеткен.

Эске салсак,  Роза Отунбаева – Кыргызстандын бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген алгачкы экс-президенти жана Борбордук Азиядан чыккан алгачкы президент айым.

Борбор Азиядагы биринчи аял президент Роза Отунбаеванын ант берүү аземи 2010-жылы 3-июлда болгон. Ал өлкө башчысы болуп 27-июнь күнү референдумда шайланган.

Ант берүү аземи Бишкек шаарындагы Улуттук филармониянын имаратында өтүп, Р.Отунбаева кортеждин коштоосунда келген. Аземдин башында БШКнын башчысы Акылбек Сариев референдумдун расмий жыйынтыгын билдирген. Анда кыргызстандыктардын 90%дан ашыгы жаңыланган конституцияны жана өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева болуусун колдогон.

Булак:Кагана

Аргумент.kg
Жооп калтыруу