ЖК ДЕПУТАТЫ РЫСКЕЛДИ МОМБЕКОВ ПАРА БЕРГЕНИН МОЙНУНА АЛДЫ?

Эл ишенип шайлаган, мыйзам чыгаруучу эл өкүлдөрү өздөрү баш болуп аны аткарбай жатканы бүгүн дагы бир ирээт ырасталды. Бүгүн, 12-майда КСДП фракциясынын жыйынында мектептердин 5 күндүк окууга өтүү мыйзам долбоорун карап жатканда пара бергенин билдирди.

Депутат Рыскелди Момбеков класстарда окуучулардын саны 40-42 экенин айтып, баланы мектепке берүү өтө татаал экенин кошумчалады.

“Пара бергенге туура келди. Бердим! Жөнөкөй адамдар тууралуу айтпай эле коюш керек”,-деди ал.

Көрсө эл өкүлү баласын Бишкектеги №5-мектеп-гимназиясына киргизүү үчүн пара бериптир.

“Балык башынан сасыйт” демекчи депутаттарыбыз баш болуп коррупцияга жол ачып жатса, жада калса өздөрү чыгарган мыйзамды тебелеп өтүп, жагалданып жеңи ичинен ишин бүтүрүп жатса жөнөкөй жарандар тууралуу кеп кылбай эле койгонубуз оң окшойт. Келечегибиз балдарыбыз деп ооз көптүрүп сүйлөп келгенибиз менен чүрпөлөрүбүздүн алдыга таштаган кадамдарынын бири болгон мектепке акча берүү менен киргизип жатсак кайдагы жаркын келечек? Мындай абалда кантип коррупцияны жоёбуз деп жатышат бийликтегилер?

“Болору болду, боёсу канды” дегендей Момбеков пара бериптир, эми Башкы прокуратура эмне дейт болду экен?

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу