Депутат Нурбек Тотонов Токтогул районунда болуп, аймактагы көйгөйлүү маселелер менен таанышты

Бүгүн, 7-декабрда эл өкүлү Нурбек Тотонов Токтогул районунун тургундары менен жолугушту. Депутат алгач Торкен айылындагы Аманкан Мамыров атындагы мектептин абалы менен таанышып, окуучулардан кабар алды.

«Аталган мектеп мурда дүкөн катары курулуп, бирок кийинчерээк мектеп катары иштеп баштаган. Мектептин бүгүнкү абалы абдан начар болгондуктан, бир партада үчтөн окуучу окуп жатат»,-деп билдирди мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы.

Абалды жериңде көргөн депутат жаңы мектеп куруу маселесин Өкмөткө жеткирерин убада кылып, тынымсыз аракеттер көрүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле эл өкүлү Бел-Алды, Толук айылдарында болуп, жергиликтүү тургундар менен бирге аймактагы көйгөйлөрдү талкуулады. Анда негизги маселе катары Торкен-Толук-Сары- Камыш жолунун начардыгы айтылды.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу