Депутат Мыктыбек Абдылдаев жылына 1 млн сом эмгек акыдан сырткары айына 60 миң сомдон пенсия алат

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Мыктыбек Абдылдаев бир жылда эмгек акы катары 1 млн сом депутаттык айлыкты казынадан алат, андан сырткары пенсионер катары ай сайын 60 миң сомдон пенсия алып турат. Бул тууралу КР Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына таянып “Вечерний Бишкек” гезити билдирди.

Ал эми экинчи “Бир болчу” депутат Бакирдин Субанбеков жылына депутат катары 760 миң сом айлык жана пенсионер катары жылына 500 миң сомдон ашык пенсия алат.

КСДПчы депутат Карамат Орозова жылына 795 миң сом айлык жана 128 миң сом пенсия алат.

Экинчи бир КСДПчы депутат Анвар Артыков жылына 1 млн сомдон ашык айлык жана 206 миң пенсия алат.

Жалпысынан КР Жогорку Кеңешинде айлык жана пенсия алган 9 депутат бар.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу