Депутат Мирлан Бакиров таткалбаган маалыматтарды таратып журот.

Бүгүн, 29 мартта, парламентте, Өнүгүү-Прогресс фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров Жалал-Абад курортундагы жагдай боюнча объективдүү эмес, бурмаланган пикирин билдирди, бул боюнча профсоюздар боюнча эксперт, Тимур Саралаев оюн айтты.
— Депутат Мирлан Бакиров кандайдыр бир деңгээлде, ишти калыс иликтебей туруп жана кайсы бир кызыктар тараптардын жазып келген, такталбаган, реалдуулукка жакындабаган маалыматтарды Жогорку Кеңештин трибунасынан угузду. Менин оюмча, ал айтып жаткан Жалал-Абад курортунун жетекчилиги тарабынын финансылык мыйзам бузуулар бар деген сөз туура эмес. Парламенттин трибунасынан мындай сөздөрдү айтаарда мурун, жок дегенде өзү үчүн маалыматтарды толугу менен тактап алса жакшы болот эле. Ал ойлоп жаткандай бир канча миллиондук мыйзам бузуулар жана зыян келтирүүлөр чынында орун алганда, анда азыркы Жалал-Абад курортунун жетекчилиги тергөөдө суракта, же сотто соттолуп жатмак. Менимче, депутат, тилекке каршы ага алып беришкен, такталбаган жана бурмаланган маалыматты айтып алды, деп айтты Тимур Саралаев.

Булак:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу