ДЕПУТАТ КЫРСЫКТАРДЫН КӨБӨЙҮШҮНӨ ЖУРНАЛИСТТЕРДИ КҮНӨӨЛӨДҮ

ЖКнын жыйынында депутат Алмаз Баатырбеков ММКларга нааразычылыгын билдирди. Көрсө Кыргызстанда болуп жаткан кырсыктардын баарына журналисттер күнөөлүү имиш.

“Маалымат каражаттарын чогултуп иш алпарыш керек. Негатив маалыматты азайтыш керек. Кырсык болбой койбойт. Күнүгө кырсыкты эле жаза берсе, коопсуз шаар, коопсуздук маселе деген ушундан улам чыгып жатат. Япония балдарын сен акылдуусуң деп тарбиялайт экен”,-деди ал.

Ошондой эле Батырбеков журналисттик этика киргизүү керектигин айтты.

“Маалымат каражаттары менен кеңешип журналисттик этика киргизсек. Негативди ченем менен берсек. Эшектин эти желди дегенди япониялыктар угушуп, кыргыздар эшектин этин жешеби дешиптир. Бир маалыматты 20 жолу кайталаш ашыкча нерсе”,-деди ал.

Өкмөт иштебегендиктен, өкмөт мүчөлөрүнүн шалаакылыгынан бюджеттеги каражаттар сол чөнтөккө кетип жаткандыктан кырсыктар көбөйүп жатабы же ММКлар кырсыктар тууралуу көп жазгандыктанбы окурман таразаласын.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу