Депутат Канатбек Исаевдин соту уланууда.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев жана алты адамдын уланууда. Сотто айыпталуучулардын жарыш сөзү уланып жатат.

Бүгүнкү жараянга Исаевдин адвокаттары катышкан жок. Буга байланыштуу айыпталуучулар ишти башка күнгө жылдыруу соттон өтүнүштү. Бирок ишти караган судья Абдразак Боромбаев сот мамлекеттик адвокаттардын катышуусу менен уланарын билдирди.

УКМК Канатбек Исаевди 2008-2010-жылдары «Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген» деп айыптаган. Ага Кылмыш кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш иши козголгон.

26-декабрда жарыш сөзгө чыккан прокурорлор Исаевди 20 жылга эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.

Депутат Исаев мындан тышкары «мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган» деп айыпталып жатат. Быйыл президенттик шайлоо алдында ал атайын кызматтын тергөө абагына белгисиз мөөнөткө камакка алынган. Ал иш боюнча тергөө аяктай элек.

Булак:»azattyk.org»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу