Депутат Исхак Масалиев: «Сапар Исаков мыйзам чегинде кызматтан кеткен»

12-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн отчётуна «канааттандырарлык эмес» деген баа берген жок. «Анда Сапар Исаков жумуштан мыйзамсыз кеттиби?» деген суроого «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Исхак Масалиев жооп берди.

Масалиев Сапар Исаков ишеним көрсөтпөө менен кеткендигин айтты.«Исаков мыйзам чегинде кызматтан кеткен. Аталган комитет өкмөттүн отчётуна эч кандай баа берген жок. Премьер-министрдин отчётун карап жатканда оппозициялык фракция топтолуп ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Андан соң оппозициялык фракциянын чечимин Жогорку Кеңеш колдогон», — деди Масалиев.

БУЛАК:super.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу