Депутат Зарылбек Рысалиев үй камагына алынды

2-августта КР Жогорку Кеңешинин депутаты Зарылбек Рысалиевди Бишкектин Биринчи май райондук соту үй камагына алуу чечимин чыгарган.

Атамбаевдик режимдин Ички иштер министри, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз, коррупциялык жол менен бошотуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин фигуранты катары суракка алынууда. Азиз Батукаевди “Манас” аэропортуна чейин узатып барган ЖАМКнын төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев өзүнүн шефи Зарылбек Рысалиевдин буйругун аткарганын мойнуна алып,  тергөөгө көрсөтмө берген.

Буга чейин 7-июнда депутат Зарылбек Рысалиевди суракка алган ИИМдин тергөөчүлөрү сурактын жыйынтыгы менен аны камакка алуу чечимин жарыялашканда Рысалиев эс-учун жоготуп кулап түшкөн. Коркуп кеткен тергөөчүлөр Рысалиевдин ИИМ системасында иштеген уулун чакырышып, “тез жардамга” салып беришкен. Ошондон бери дарыланып жүрүп, 29-июлда үйүнө чыгып келген эле.

Бул кылмыш ишинин алкагында камакка алынган экс-саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева, экс-ички иштер министри, экс-вице-премьер Шамил Атаханов, экс-атайын прокурор Майрамбек Акматалиев, экс-сот Эрматов, ЖАМКнын төрагасынын экс-кеңешчиси Калыбек Качкыналиев тергөө менен кызматташып, үй камагына чыгышкан.

Бул кылмыш ишинин дагы бир фигуранты, экс-генпрокурор Аида Салянова тергөө менен кызматташуудан баш тартып, Бишкектин СИЗО-1 тергөө абагында олтурат.

Бул кылмышты уюштурууга шектелген УКМКнын экс-төрагасы, Коргоо кеңешинин экс-катчысы Бусурманкул Табалдиев Кыргызстандан Түркияга качып кеткен.

Баарынын корбашысы Алмаз Атамбаев Кой-Таштагы үйүнө баррикада куруп алып, Азиз Батукаевди коррупциялык жол менен бошотуу боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөөчүсүнө сурак берүүдөн качып жүрөт.

Эсиңиздерге сала кетсек,  кыргыз жарандарынын кулактарын кесип шылдыңдап, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Тынычбек Акматбаев баштаган бир нече мамлекеттик кызматкерди өлтүргөн деп айыпталып, 16 жылга кесилген Азиз Батукаевди 2013-жылы апрелде, жаза мөөнөтүн толук аткарууга дагы 8 жыл калганда ошол кездеги кыргыз бийлиги мыйзамсыз абактан бошотуп жиберген.

Айрым  маалыматтар боюнча Азиз Батукаев бул кызматы үчүн кыргыз чиновниктерине 10 млн АКШ долларын пара түрүндө төлөп берген.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу