Депутат: Жылуулукка тариф көтөрүлчү болсо, айлык маяналар менен пенсияны да жогорулатуу керек

Кыргыз өкмөтү жылуулукка тарифти көтөрүүнү чечсе, ага ылайык калктын пенсиясы менен айлык маяналары да жогорулатылууга тийиш.
Мындай пикирин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускулов билдирди.
Айтымында, электр таратуучу линиялар эскирип, өлкөнүн энергетикасы начар акыбалга кептелди. Мына ушундай оор акыбалдан улам эл дагы кыйынчылыкка туш келди.
«Бул тармакты оңдоо керек. Депутаттар оңдоого миллиарддаган долларды бөлүүчү долбоордун келишимин ратификациялап жатабыз. Бирок, бул аздык кылат. Биз өкмөттөн бир нече жолу эмнеге бул тармактан пайда түшпөйт деп сурадык. Алар тарифтерди көтөрүү керектигин айтып атышат», — деди депутат.
Ал өкмөт калк тарифтердин кымбатташын көтөрө алабы- же жокпу – иликтөөсү керек дейт.
«КР өкмөтүнүн айтымында, Орто Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда тарифтер арзан экен. Эгер тариф көтөрүлсө, биз экономиканы көтөрүп, айлык маяналар менен пенсияларды да жогорулатышыбыз керек», — деди депутат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу