ДЕПУТАТ ЖАҢЫ ШАЙЛАНГАН ПРЕЗИДЕНТТЕР МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮНӨН АНТ БЕРҮҮСҮН СУНУШТАДЫ

“Республика — Ата-Журт” фракциясынын депутаты  Зарылбек Рысалиев Кыргызстанда жаңы шайланган президенттер элге Таластагы Манастын күмбөзүнөн ант берүүсүн сунуштады.

Эл өкүлү  «жаңы ажону 1 чакырым аралыкта жөө бастырып, Манастын күмбөзүнө жеткиче Манас айтылып турушу керек” деген пикирин билдирди.

Рысалиев мунун менен катар эле   Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун күмбөзүн мисал келтирди. Анын айтымында, убакыт өткөн сайын Каримовдун сөөгү коюлган жер зыярат кылгандардын ордосуна айланат, Манас баатырдын күмбөзүн дагы ушундай деңгээлге көтөрүш керек дейт деген оюн ортого салды.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу