ДЕПУТАТ ЖАНАР АКАЕВ БАЙЛАРДЫ ПАРЛАМЕНТКЕ ЗОРДУК МЕНЕН АЛЫНЫП КЕЛГЕНИН АЙТТЫ

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуу учурунда КСДПчы депутат Жанар Акаев спикер Чыныбай Турсунбековдун чычалаган пикирине каршы пикир карата айтты.

Президенттик шайлоого катышуу үчүн  “шайлоо босогосун” 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатууга байланыштуу талкууда депутат Акаев “Биз парламенттик демократияга өттүк деп көп жерде айтып жүрөбүз. Бул парламенттик башкаруунун жолу узак. Ошондуктан ал жолдо биз жаңы партияларга, жаңы саясий муундун өсүшүнө жол ачып берип, алардын калыптанышына керек болсо каражат бөлүп жардам бере турган акыбал түзүлүш керек. Жасалма жол менен партияларды жоготуп же жаңы жаштарды алып келебиз деген дагы болбойт. Ким элдин колдоосунда болсо аны мыйзам менен чектебешибиз керек. Күч, зордоо жолу менен ар башка, ар кайсы сасий көз караштагы адамдарды бириктирүүгө болбойт,” – деген оюн мыйзам долбоорунун автору Мирлан Жээнчороевге билдирсе, ортодон спикер кыпчыла калып чычалап кирди.

“Жанар Куанычбекович, сиз бул жерден туура эмес айтып жатасыз. Күч менен, зордук менен ким кимди бириктирип жатыптыр? Жооп берип коесузбу?” деген спикердин суроосуна Акаев “Жогорку Кеңешке капчыктуу-бизнесмендер зордук жолу менен эле алынып келип жатпайбы” деп Турсунбековдун оозун жап кылды.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу