Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева Кыргызстандагы казак диаспорасынын төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Анда айтылгандай, Кыргызстандагы казактардын ассоциациясы жетекчисин 19-август күнкү кезексиз съездде шайлашкан.
Кыргызстандагы казактардын ассоциациясы Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын алдында иштейт. Ага буга чейин саясатчы Эркин Булекбаев төрагалык кылчу. Диаспорада жетекчилик эмне себептен алмашканы айтылган жок.
Булак: Азаттык