Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ооруканага түштү. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынан кабарлашты.
Маалымат боюнча эл өкүлү бүгүн, 20-ноябрда эртең менен Бишкектеги №6 кардиологиялык борборго жеткирилген. Ага «жүрөктүн согуу ритминин бузулушу» же жүрөк аритмиясы деген диагноз коюлган.
Шыкмаматов «Ата-Мекен» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаев абакка кесилип, фракция жетекчилигинен кеткенден кийин «Ата-Мекендин» төрагасы болуп шайланган.
Булак: maralfm.kg