Депутат Акылбек Жамангулов Бишкек ТЭЦине барып, 14500 доллардык видеокамераларды сүрөткө тартып келди

Бүгүн, 14-мартта КР Жогорку Кеңешинин депутаты Акылбек Жамангулов Бишкек ТЭЦине атайын барып, кыргыз бийлиги былтыр, 2017-жылы $14500дөн сатып алдык деген видеокамераларды эсептеп, сүрөткө тартып келип, элге жарыялады.

Бийликтин отчетунда 14500 доллардан 128 даана видеокамера сатып алдык деп жазылган. Көрсө бул жерден да уурулук болуптур, депутат ТЭЦтин жетекчилери жана кытайлык ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү менен кошо эсептей келгенде болгону 123 даана видеокамера орнотулганы такталды. Ошондо $72500 бааланган 5 даана видеокамера кайда кетти?

123 видеокамеранын ичинен 8 даанасы мешке жана барабандарга орнотулган атайын видеокамералар болуп чыкты. Ал эми калгандары кадимки эле базарда сатылган арзан камералар экен. Депутаттын айтымында андай видеокамералар бардык ишканаларда жана офистерде орнотулган.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 13-мартта Бишкек ТЭЦинин жетекчилиги депутат Акылбек Жамангуловдун бул камералар тууралу парламентте айткандарын жокко чыгарууга аракет кылып, ал атайын видеокамералар болгондуктан кымбат турат деп билдирүү таратышкан.

Төмөндө депутат Акылбек Жамангулов тартып келген видеокамералардын сүрөттөрүн сунуш кылабыз:

Аргумент.kg
Жооп калтыруу