Быйыл залкар жазуучубуз Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекеси белгиленет. Эл арасында маарекеге даярдыктар начар жүрүп жатат дегендей пикир жаралууда. Ошондуктан, маарекеге даярдык көрүү иш-чараларын жандырууга тийишпиз. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Бир топ чет өлкөлөрдө көчөлөргө Айтматовдун ысымы ыйгарылып, анын чыгармачылыгына арналган иш-чаралар байма-бай өтүүдө. Элчилер мындай чараларды дагы арбытууга тийиш. А, биздечи? Бизде андай иштер анчалык байкалган жок. Мисалы, жазуучу туулган Шекер айылында «Шекер-Ордо» комплекси курулмак, азыр анын абалы жөнүндө так маалымат жок», – деп кошумчалады эл өкүлү.
БУЛАК:Каганат.