Депутат Аида Салянованын соту дагы жылдырылды

Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку Башкы прокурор Аида Салянованын соту жылдырылды.

Бүгүн, 29-августка белгиленген сот отуруму айыпталуучунун келбегендигинен улам болбой калды. Анын жактоочусу Чынара Жакупбекова Салянованын кызы ооруп, ооруканада экендигин билдирип, отурумду эртеңкиге жылдырууну суранды.

Ал эми судья Нурлан Тагаев тастыктоочу документтерин алып келүүсү керектигин айтып, сотту 14.00гө чейин жылдырды.

Эске сала кетсек, депутат Аида Саляновага 2016-жылдын 26-декабрында “кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган” деген негизде Кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ага юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп турганда издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деген айып тагылууда.

Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу