Депутаттын уулу АКШнын хоккей командасынын негизги курамында ойной баштады

Нуртемир Сулайманов Кыргызстандын хоккей боюнча «Алга Бишкек» курама командасынын оюнчусу.

Кыргызстандык тогуз жашар хоккейчи Нуртемир Сулайманов Нью-Йорк шаарындагы Aviator хоккей клубунун негизги курамында ойной баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кичинекей спортчунун апасы Мээргүл Маматова билдирди.

Эске салсак, Нуртемир Сулайманов Кыргызстандын хоккей боюнча «Алга Бишкек» курама командасынын оюнчусу. Аталган команда былтыр АКШда өткөн Barrington Ice Arena эл аралык кубогун жеңип алган.

Анда чечүү шайбаны команданын негизги чабуулчусу, №8 оюнчу Нуртемир Сулайманов киргизген.

Апасынын айтымында, жаш спортчу эми АКШда өтө турган өспүрүмдөр аралык лигага катышмакчы.

«Быйыл жайында Нуртемир «Нью-Йорк Рейнджерс» хоккей клубунун жайкы машыгуусуна барган. Ал жактан АКШнын Aviator хоккей клубунун машыктыруучулары балабыздын жөндөмүн байкап калыптыр. Аны ойнотуп көрүп машыктыруучулар U10 деп аталган команданын негизги курамына алды. Уулубуз №88 катар саны менен ойноп жатат. Азыртадан эле жакшы жыйынтыктарды көрсөтө баштады», — деди Маматова.

Белгилей кетсек, Нуртемир Сулайманов — Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун уулу.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги жаш спортчу тууралуу материал даярдап, анда тогуз жаштагы чабуулчу менен машыктыруучусу өз командасы тууралуу айтып берген.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу