Депутаттын партиянын катарынан чыгарылышына эмне себеп?

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты, бул партиянын мүчөсү Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарды. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул чечимге түшүндүрмө берип, Кожобек Рыспаев: “КСДПнын партиялык ишмердүүлүгүндө өлкөнүн келечеги тууралуу сүйлөшүүлөр, тилектештик болгон эмес. Эгер Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү далилденсе мен бул партияда кала албайм, анткени биз бул партияда туугандашып жашаган жокпуз” – деп жергиликтүү радиолордун бирине айтканы аны партиядан кетирүүгө негиз болгонун билдирди.

Ал эми депутат Кожобек Рыспаев:

– Мага “Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга КСДПны айыптаган” деп кине тагып жатышат. Мен эч качан антип айткан эмесмин, ага акым да жок. Анткени буга партиянын кандай тиешеси бар? Экинчиден алар айтып жаткан Нурлан Өмүркул уулуна эч кандай тиешем жок. Мен аны кызматка сунуштаган эмесмин, эч жерде коргогон эмесмин. Тескерисинче, мен жетектеген Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин корутундуларында ага карата бир топ эскертүүлөрдү келтиргем. Мунун баары жөн гана шылтоо. Мен партиянын төрагалыгына Алмазбек Атамбаев шайланган съездге барбай калганым үчүн гана мени мүчөлүктөн чыгарып коюшту. Келбей койду, демек биз менен эмес дегендей чолок ой болуп жатат. Ооба, мен ал жыйынга бара албай калгам, бирок эч жерде мен партияны жамандап сүйлөгөн эмесмин. Мен Атамбаевге каршы эч жерде сүйлөгөн эмесмин, аны менен мамилем начарлап кетти деп да айта албайм. Мунун баары анын тегерегиндегилердин иши болду. Чыгарса чыгара беришсин, мен ага кайгырбайм” – деп оюн билдирген.

КСДПнын Кожобек Рыспаевди партиянын катарынан чыгарышы тууралуу пикирлерди угуп көрдүк.

Чолпонбек Сыдыкбаев, саясат талдоочу:

– КСДП туптуура кылыптыр. Түлкүдөй ойт берген саясатчылардан КСДП эле эмес, бардык партиялар тазаланганы оң. Биздеги партиялык системанын бир чабал жагы: идеологиялык туруксуздук. Бизде либералдарга коммунисттер, демократтарга улутчулдар камчысын сүйрөп келип кошула беришет. Ошол эле Кожобек Рыспаев алгач “Ар-Намыстан” депутат болгон Куловдун башын аттаган. Кийин КСДПдан депутат болду. Депутат болуш үчүн Атамбаевдин тилин тапкандыр. Эми КСДПга акаарат айтканы моралдык ченемдерге, адамгерчиликке, эркектикке да жатпайт. Бул депутатты партиядан чыгарылганы үчүн баатырга айлантуунун кажети жок. Мындай жол менен биз кыргыздар партиялык системанын деле ашмалтайын чыгармай болдук. Азыр Атамбаевди саткандарды баатырга айлантып баштадык. Эртең Жээнбековду саткандарды баатырга айлантабызбы?

Мирлан Бакиров, ЖКнын депутаты:

– Биринчиден бул маселе партиянын ички маселеси. Экинчиден Кожобек Жайчыбекович тажрыйбалуу депутат катары мамлекет үчүн маанилүү маселе көтөрүлгөндө өз оюн эркин, ачык айтып келет. Мисалы ошол эле Бишкек ЖЭБ боюнча чындыкты айтып, калыс ой-пикирин билдирди. Мына ушул сыяктуу ой-пикирлер кимдир бирөөлөргө жакпашы толук мүмкүн. Саясий кеңештин чечимине ушул сыяктуу билдирүүлөр себеп болгондур. Ал эми калган комиссиялардан комитет төрагалыгынан чакыртып алуу маселесин сунуштагандай эле Жогорку Кеңеш чечет. Жалпысынан мындай көрүнүш биринчи жана акыркы эмес. Парламент жана партиялар калыптанып, 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого акырындап даярдык башталды десек болот.

Алмамбет Шыкмаматов, ЖКнын депутаты:

– Кожобек Рыспаев биринчилерден болуп КСДПнын айыбын ачык ача баштаган. Ошол себептен партиядан чыгарышты. Азыр Кожобек Рыспаев КСДПга мүчө болуу муктаждыгына зар болбосо керек.

Тазабек Икрамов, ЖКнын депутаты:

– Негизинен бул туура көз караш. Депутат менен партиянын ортосунда макулдук болбосо иштешүүсүн токтоткону туура. Кожобек Рыспаев оюн ачык айта билген депутаттардын бири. Депутат менен партиянын көз карашы туура келбей калгандыгы буга себеп деп ойлойм.

Гүлмира Шаршеева

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу