Депутаттын баласы табыла элек

Ак-Сууда депутаттын сууга агып кеткен баласын издөө иштери улантылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 11-июлда түнкү саат 00:30 чамасында Эңилчек-Эчкилиташ унаа жолунда бараткан “Нива” үлгүсүндөгү унаа Ак-Суу районундагы Сары-Жаз суусуна кулап кеткен. Анын натыйжада 1982-жылы туулган айдоочусу сууга агып кетип, 6 күндөн бери дайынсыз болууда. Айдоочуну издөө иштери , 17-июлда улантылат.

“ӨКМнин 11 куткаруучу, айыл тургундарынан 20 адам, “Хан-Теңири” жоопкерчилиги чектелген коомдон 8 адам, Экологиялык-техникалык инспекциядан 2 адам тартылган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, сууга агып кеткен жаран Кара-Кол шаардык кеңешинин депутатынын 1982-жылы туулган М.Таалай аттуу баласы экени аныкталган

Булак: Заман.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу