Депутаттар: «Чынгыз Айтматов медалын» негиздөөнү сунуштоодо

Жогорку Кеңештин депутаттары  «Чынгыз Айтматов медалы» сыйлыгын негиздөөнү сунуштоодо. Алар бул демилге боюнча тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга алып чыгат.

Мыйзам долбоорунун негиздеме катында, жаңы медаль мадания, агартуу, илим, адабият жана көркөм өнөр жаатындагы сиңирген эмгегин баалоонун жогорку сыйлыгы болот. Ошондой эле, бул сыйлык менен маданий мурастарды изилдөө жана сактоого, ар кыл маданий жана диний каада-салттарды карманган улуттар менен элдердин маданиятын жакындаштырууга, тынчтык жана достукту чыңдоого, мамлекеттер аралык рухий байланышты өнүктүрүүгө салым кошкондор дагы сыйланат.

ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Айтматов 20-кылымдын чыгармалары эң окумдуу жана көп басылган жазуучу болуп саналат. Чынгыз Айтматов өзүнүн чыгармачылыгы, эмгектери жана эл аралык коомдук ишмердүүлүгү менен дүйнөлүк маданиятка жана көркөм өнөрдүн өнүгүшүнө, , улуттардын маданиятын байытууга, ошондой эле, тынчтыкты жана достукту, мамлекеттер аралык рухий байланыштарды түзүүгө чыңдоого зор салым кошкону белгиленген.

Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу