Депутаттар кыздарга тийишип…

Британиянын парламентиндеги лейбористтер, консерваторлор партиясынан шайланган бир топ депутаттар аппаратта референт, катчы болуп иштеген жаш кыздарга тийишип, аларды сексуалдык жакындыкка тартууга аракет кылышкандары белгилүү болду. Аялдар парламенттин аброюна шек кетпесин үчүн адегенде аларды жөн гана уятка чакырып, тыйганга далалат жасашкан. Бирок, өздөрүн моюнтуругу жоктой сезип алышкан депутат мырзалар акырын, сылык түрдө айткан сөзгө тыйылбасына көздөрү жеткен соң ЖМКларга кайрылып, парламентте эмне иштер болуп жатканын шардана кылышкан. «Шойкому» бар депутаттардын узун тизмесин беришкен. Журналисттер депутаттардын абийирин айрандай төккөн бир катар чуулгандуу материалдарды жарыялашкан соң коомчулук ызы-чуу түшүп, «биз депутаттарды биздин кызыкчылыгыбызды коргошсун, коом үчүн пайдалуу мыйзамдарды кабыл алышсын деп шайласак, алардын кылгандарын кара! Кыязы, алар парламентти сойкукана менен алмаштырып алышкан көрүнөт» деген сыяктуу кыжырданган сөздөр айтыла баштайт.
Эң кызыгы, «аягы суюк» төрт депутаттын (экөө лейбористтер, экөө консерваторлор партиясынан. Кыздар берген жашыруун тизмеде баары болуп 36 депутаттын аты-жөнү бар) эч кимиси отставкага кеткен жок. Баягыдай эле иштеп жатышат. Болгону өздөрүнүн сексуалдык каалоосун мурдагыдай ачык билдирбей, парламентте өздөрүн тынч алып жүрүп калышты. Бирок парламенттин сыртында, коомдук жайларда мандатынан, коомдогу статусунан пайдаланып, мурдагыдай эле кыздарга тийишип жатышкан чыгаар деген күмөн ойлор туулат.
Кыздарга тийишкендердин арасында министрлер кабинетинин да мүчөсү бар. Соода министринин орун басары өзүнүн жардамчысына «мамагы ширин» деп ат коюп, аны секс-шоптон оюнчук сатып келүүгө жумшаган. Министр өзүнүн бул жоругун танган жок, бирок «бул тийишкендикке жатпайт» деп түшүндүрдү.
Премьер Тереза Мэй күнөөсү далилденгендердин баары иштен бошотуларын билдирип, коомдук палатанын спикерине депутаттарды тартипке чакырууну талап кылган кат жолдоду. Ал парламент жаштардын иштөөсү үчүн коопсуз жер болууга тийиш деп эсептейт.

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу