Депутаттар кодекстерге киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулайт

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети бүгүн 5-февралда жаңы жылдан тартып күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды экинчи окууда карайт.

Өкмөт айдоочу ичимдик ичкен-ичпегенин аныкташ үчүн медициналык кароодон өтүүдөн баш тартса ага 17 миң 500 сом айып пул салууну сунуштап жатат. Мурда айыптын өлчөмү 5500 сом болчу.

Азыркы кодексте автоунаанын коопсуздук кемерин шаардын ичинде тагынбагандарга 1000 сом, кан жолдо тагынбагандарга 3000 сом айып салынат. Өкмөт эми коопсуздук кемери үчүн айып пулду бирдей эле 1000 сом кылууну сунуштоодо. Андан тышкары көчөдө түкүргөндөргө 5500 сом эмес, 1000 сом айып пул салуу каралууда.

Өкмөт буга чейин жаңы кодекстердеги кемчиликтерди март айына чейин оңдоп чыгаарын кабарлаган.

1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирген.

Жаңы кодекстердин негизинде эселеп көбөйгөн айыппулдар интернеттеги социалдык тармактарда талкууга алынып, коомчулуктун бир катар өкүлдөрүнүн нааразылыгын жараткан.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу