ДЕПУТАТТАР ЕЭАБДИН БАЖЫ КОДЕКСИН ЫЗЫ-ЧУУ МЕНЕН КАБЫЛ АЛЫШЫП, ӨКМӨТ МҮЧӨЛӨРҮН ЖООПКО ТАРТУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ.

Бүгүн, 30-декабрда   Жогорку Кеңеште Өкмөттүн өтүнүчү боюнча өтүп жаткан кезексиз жыйынында “2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга карата Президенттин каршы пикири каралды.

Парламент  ЕЭАБдин Бажы кодексин ызы-чуу менен кабыл алышты.

Бүгүн белгилүү болгондой, өкмөт документти бекитүү мөөнөтүн туура эмес көрсөтүп, аны парламентке жөнөтүп койгон.

Натыйжада Кыргызстанда Бажы кодекси башка мүчө-өлкөлөрдөгүдөй эмки жылы 1-январда эмес, 15 күндөн кийин күчүнө кирмек болуп калган.

Депутаттар бул ката үчүн премьер Сапар Исаков баш болгон өкмөт мүчөлөрүн жоопко тартууну талап кылышты.

Кошумчаласак, Бажы кодекси тууралуу мыйзам долбоорду чукул арада кайрадан бекитүү үчүн парламент бүгүн кезексиз сессияга чогулууга аргасыз болгон.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу