Депутатка эзилип кетип кучактап ийген ЖКнын кызматкери кечирим сурады

Депутат Элвира Сурабалдиеваны эзилип кетип кучактап ийген Жогорку Кеңештин кызматкери кечирим сурады. Эл өкүлү бул тууралуу твиттер баракчасына бүгүн жазып чыкты.

Эске сала кетсек,Элвира Сурабалдиевага Жогорку Кеңештин лифтинен бейтааныш эркек кучактап тийишкен. Ал окуя тууралуу өзүнүн твиттер баракчасына жарыя кылды.

— Келип, кучактаса таң калып калдым. Окуя болгон күнү депутаттык төш белгимди тагынган жок элем. Парламентке сырттагы мамлекеттик мекемелерден келген орто деңгээлдеги аткаминер окшойт. Эгер мен бул маселени көтөрүп чыксам, элде «Депутат айым көтөрүп чыкканга мындан башка маселе жокпу?» деген сөздөр пайда болот.

Депутат кыргыз коомунда аялдарды кемсинткен мамиле көңүл сыртында кала берерин айтып, буга олуттуу караш керек экенин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу