Видео — «Депутатка чалам, көргүлүктү көргөзөм» деген Кытай жараны камалды

15-октябрда «facebook» социалдык түйүнүндө кафелердин биринде Кытай Эл Республикасынын жарандары өздөрүн өтө орой алып жүрүп, башка жарандарга тоскоолдук жараткан видео тараган. Ошол видеодогу Кытай жарандары кармалганын шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 13-октябрь күнү 16:00 чамасында Бишкектеги кафелердин биринде туулган күн тосуу үчүн 3 стол алдын ала буюртма берилет. Болжол менен 20:00 чамасында белгисиз жарандар менен Кытай Эл Республикасынын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Кытай жараны мас абалында аял кишилер менен кайым айтышкан. Чыр күчөгөндө Кытай жараны кафедегилерди «Депутатка чалам, силерге көргүлүктү көргөзөм»,-деп коркуткан.

Кафенин администрациясы чырды чечүү үчүн 3 аялды башка кабинага которушкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаардык ИИБинин кызматкерлери чырга катышкан жарандын өздүгүн тактаган. Ал 1971-жылы туулган убактылуу Бишкек шаарында жашаган В.Б болуп чыккан. Ал 13-октябрь күнү тууганынын туулган күнүн «Император» ресторанында тосконун, ал жерде спирт ичимдиги ичилгенин, мас абалында катуу ырдашканын, ошонун айынан кафенин башка коноктору менен чыр чыкканын айткан.

Кытай жараны депутатка чалам деп айтканын мойнуна алган. Кытай жарандары кафенин башка конокторунан кечирим сураганын билдирген.

Аталган видеонун негизинде Кылмыш жаза кодексинин 364-беренеси «Майда бейбаштык» менен кылмыш иши козголуп, Свердлов райондук сотуна жиберилген. 16-октябрь күнү В.Б жана1961-жылы туулган Ч.Щ 5 суткага камакка алынды.

Булак: Zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу