Ден соолугун чыңдап жүргөн Бабановдун диагнозу «сепаратизм» экен дейби?

Президенттик шайлоонун алдында жеңишке «любой» жол менен болсо да жетиш керек деген лозунгду карманган Ө. Бабанов жеңилүү ызаасына тушуккан соң, Кыргызстандан тышкары чыгып кеткени белгилүү. Анын үгүт кампаниясына иштеген 45 үгүтчүсүнүн айлык акысын да бербей кеткенин жакшы билебиз. Мунусу ачыкка чыкканы гана, ачыкка чыкпаганы дагы толтура болушу мүмкүн.

Ошентип «Чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы» деп опурулуп, өзбек тектүү мекендештерибизди кыргыздарга тукуруп алган бул саясатчы, өзүнө карата кылмыш иши козголо турганын алдын ала билип, эртелеп эле чет өлкөлөп качып кеткен. Ошондон бери карай ага ишенип жүргөн санаалаштары да анын кайда экенин билбей жүрүшкөн. Азыр деле эч ким билбейт.

Бирок, ал кантсе дагы интернет тарткан жерде жүргөнүн билдик. «Инстаграммдагы» баракчасына ал өзүнүн санаалаштарына кайрылуу жасап, «Мен чындыгында Кыргызстандын чегинен тышкары жүрөм. Учурда мен ден соолугумду калыбына келтирүүдөмүн» деп жазыптыр.

Албетте, ден соолук деген биринчи байлык. Бирок, элибиз анын кандайдыр бир оору менен алпурушуп, кыйналып жүргөнүн деле көргөн да, билген да жок эле. Жулунуп эле «тике туруп өлгүлө, эл деген сел болот, эч ким токтото албайт» деп эле кыйкырып жүргөнүн көргөнбүз. Анан эми минтип ден соолугун калыбына келтирип атам дегенине ынануу бир аз кыйын болуп турат. Балким, бийликке жетүү максаты үчүн «сепаратизм» менен ооруп калганын билдик эле, ошол «оорусун» дарылатып жүрүбү?

Булак: Багыт

Аргумент.kg
Жооп калтыруу