Денедеги тыртыкты кантип кетирсе болот?

Түрдүү жаракаттан кийин териде калган тыртыктан арылуунун жолдору барбы? Ал үчүн төмөнкү кеңештер сизге жардамга келет.

Лимон согу

Лимон согу күйгөндөн жана операциядан калып калган тыртык жана тактардан арылууга жардам берет. Ал үчүн күнүгө жатар алдында лимон согун сүйкөп жатыңыз. Ал күйгөн терини калбына келтирип, кызарып калган жерин жылмакай кылууга жардам берет.

Алоэ вера

Алоэ веранын курамы витамин C жана Eге өтө бай. Ал терини жашартуучу мыкты антиоксидант.

Аспирин

Эки таблетка аспиринге эки тамчы суу куюңуз. Аспирин коюланып калганда тыртык болгон жерге сүйкөйсүз. Качан ал кургаган кезде жылуу суу менен жууп салуу керек.

Алма уксусу

Алма уксусу дагы күйүккө кабылган же тыртык болгон терини өз калыбына келтирүүгө жардам берет.Ал үчүн күнүнө бир канча жолу алма уксусун сүртүп туруу жетиштүү.

Сарымсак майы

Сарымсак майы дагы тыртыктан арылууга жардамга келет. Эгерде сарымсак майы табылбаса, сарымсактын өзүнүн согун чыгарып, денедеги тыртыкка сүйкөө керек.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу