Дем салып берем деп, жаш кыздарды зордуктаган молдолорго каршымын…

Төмөнкү пикирин интернет колдонуучу  Абдыласбек Койчуев  жазып чыккан. Окуп көрүп пикир бөлүшөбүз окурмандар.

Мен ашынган фанат болгон динчилерге каршымын.

Мен Аалыммын деп калп айтып, элдин башын айланткан ажы сөөрөйлөргө каршымын.

Мен ажымын деп өзүн элден жогору сезгендерге каршымын.

Мен имаммын, мен айткандай болосуңар деп, атасындай адамдарга чоң сүйлөгөндөргө каршымын.

Мен молдомун, дем салып берем деп,жаш кыздарды зордуктаганга каршымын.

Мен, мечит турса, көчөгө чыгып алып намаз окугандарга каршымын.

Мен намаз окушум керек, мага шарт түзүп бергиле дегенге каршымын.

Меккеден зыяраттан келгендерди, үйүнө чейин килем төшөп , аларды ыйык туткандарга каршымын.

Мечитте жаш балдарды бачабаз кылгандарга каршымын.

Мечиттерде баштарын айлантып, кафырларды өлтүрсө бейишке чыгасың деп , террордук ишке үндөгөндөргө каршымын.

Мечиттерде элди бөлүп-жарып, кафыр, теңирчи, баптист, буддист, атеист дегенге каршымын.

Жаш балдарыбыздын баштарын айлантышып, сакал койдурушуп, дамбал-ыштан кийгизишип, даваатка чыгарганга каршымын.

Кыздарыбызды жер чийип сүйрөлгөн кара көйнөкө чүмкөп, токол кылганга каршымын.

Үй -бүлөсүн Аллах берет деп, ач жылаңач таштап койуп , жылдап даваатка кетип калганга каршымын.

Сүйгөн аялынын жүрөгүн оорутуп , шарият жол берет деп, жаш токол алганга каршымын.

Жаштарды маңкурт, кул кылып , жаман сөздөр менен сөгүнгөнгө каршымын.

Кыргыздын каада -салтына, нарк-насилине кол салып, ыйык делген улуу нерселерди жээригендерине каршымын.

Кыргыздын ыйык болгон мазарларын талкалаганга каршымын.

Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарын одоно бузгандарга каршымын.

Өлгөн адамдын сөөгүн , каапыр экен деп каздырганына каршымын.

Кыргыздын ичкен тамагын , арам дегенине каршымын.

Сиз азыркы коомдо болуп жаткан кайсыл көрүнүшкө каршысыз?

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу