ДЕКЛАРАЦИЯНЫ ӨЗ УБАГЫНДА ТАПШЫРБАГАНДАРГА АЙЫППУЛ САЛЫНАТ

25-мартка карата 254 миң 547 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын ичинен 37 миң 907 юридикалык жак, 159 миң 963 жеке ишкер жана 56 миң 677 жеке жак.

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар 2016-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Демек, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу