Дача-СУ: Учак кулаган жерге эстелик орнотулат

Дача-СУ айылында «Боинг-747» учагы кулаган жерге эстелик орнотулат. Бул тууралуу маалыматты   Сокулук райондук администрациясыдан билдиришти.

Учурда эстеликти орнотуу иштери башталды.

Ал эми эстелик орнотуу демилгесин бир катар коомдук фонддор жана  аталган кырсыктан жапа чеккендердин туугандары көтөргөн.

Эске салсак, Гонконг-Стамбул каттамы менен бара жаткан «Боинга-747» жүк ташуучу учагы Дача-СУ айылына кулап, 39 жаран каза болгон.

Булак: jalbyrak.tv

Аргумент.kg
Жооп калтыруу