Дача-СУ кырсыгы боюнча чындык жакында ачыкка чыгабы?

Дача-Су айылынын үстүнө учак кулаганына жакында 2 жыл болот. 40 адамдын өмүрүн алган учактын кыйрашына учкучтардын жаңылыштыгы себеп болгону ошондо эле ачыкталган. Бирок, кыйраган учактын бортундагы мыйзамсыз жүктүн ээси ким экени бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.
Бийликке кан төгүү менен келген Атамбаевге көндүм. 2017-жылдын 16-январында кайгыга чөмүлгөн элге барып көңүл айтууга жараган эмес. Балким жаңы-жылдык майрамдардан кийин өзүнө келүү оор болгондур.
Кыргыздарда “кан канды чакырат” деген сөз бар. Атамбаев бийликке кандай жол менен келгенин жакшы билебиз. Бишкектин борборунда төгүлгөн азаматтардын каны менен келген. Кан болгон жана бар. Анан Дача-СУдагы кырсык жана дагы кан. Дагы өлүм болобу? Ал жок эмес. Атамбаевдин өзүнүн каналына берген маегинде анын канга суусап турганын көрсөттү.
Ал ушунчалык кылдаттык менен өлкөнү түндүк-түштүккө бөлө турган регионалдык белгилери бар саясий бөлүнүү үрөөнүн себүүгө аракет кылганын эл байкай алды.
Атамбаев өзүнүн айласыздан саясатка кайтып жаткандыгын Бакиевдин заманы кайра келүүсүн каалабай тургандыгы менен түшүндүрдү. Бирок, саясаттан тажаган эл өлкөнүн туруктуулугу кайра коркунучта калаарын түшүндү.
Биз кайра Атамбаевдин талылуу жери Дача-Суга кайтып келсек.
Капиталынын эки эсе көбөйүүсүн күтүп турган Атамбаев анын миллондук товары күлгө айланып калаарын эч ойлогон эмес эле. Анын үй-бүлөөсүнө жүк жүктөлгөн учактын кыйраганы тууралуу жеткен кабар жубайынын ден соолугуна кандай таасир эткенин Атамбаев өзү айтып түгөтө алчу эмес.
Айрым ЖМКлар ого бетер чуу жартып анын үшкүрүк отуна май чачкан. Ачууга алдырган Атамбаев журналистерди сотко берүүдөн башка эч нерс кыла алган эмес.
Журналист Нарын Айып өзүнүн «Zanoza.kg» сайтына 2017-жылдын 1-мартында чыккан маалыматты төгүндөө берген. Анын темасы: «Текебаевдин юристери: Кыйраган учактагы жүк Атамбаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү» чындыкка дал келбейт»/
Тынч уктап жаткан карапайым жарандардын канын төккөн “кандуу жүк” кимдики? Мындай көлөмдөгү контрабандалык товарлар кайсы аралыктан, канча убактан бери ташылып турган? Миллиондогон салыктардан качуу, кымбат баалуу товарларды эч кандай бажы төлөмү жок алып келүү экс-президентке канча байлык алып келди?
Негизи мобилдик телефондор, компьютерлер, акчалар, баалуу таштар, алтын-күмүштөр Атамбаевдин макулдугу жок Кыргызстанга мыйзамсыз кире алмак эмес. Буга бир да чиновник даап бара албайт болчу. Учак кулап 40 адамдын өмүрү кыйылганда психикасы ордуна эмес, ар бир окуяга эмоция менен “балп” этип реакция кылган АША эмне үчүн оозуна талкан салып унчукпай калды? Бишкектен 10 чакырым алыстыкта жайгашкан жерге эмне үчүн бир жолу басып барбады? Бул суроолорго жооп азырынча табыла элек.
Эгер “кандуу жүк” легалдуу болгондо, мындай учак 52 жолу конгондо салыктар, бажы төлөмдөрү төлөнүп турганда Атамбаев бакылдап чыкмак. Жок дегенде тоту куштай жадатма сөзү болгон Бакиевдердин атын дагы бир жолу атамак. “Азаттык” үналгысынын журналисттери товарлардын кыргызча жазууларын таап алганда бир ооз кебин айтып коймок. Тескерисинче, Атамбаев чындыкты айткан, Дача-СУ кырсыгын кылдат иликтеген журналисттерди куугунтуктап, аларды 20-30 млн. сомго чейин “чөнтөк соттору” аркылуу айыпка жыкты.
Дача-СУдагы кандуу окуяга 2 жыл толуп, аны тыкыр иликтөөгө абдан жакшы шарт түзүлүп турат. Бул боюнча документтерди иликтеп, Түркиянын авиакомпаниясындагы күбөлөрдү сурап, Гонконгдон Атамбаевге товар салып турган бизнесмендер менен баарлашып, окуяга чекит коюлушу керек.
Кандуу окуядан 675 күн өтүп, үй-жайсыз калган жарандардын, жакындарынан айрылган адамдардын көксөөсү сууй элек. Тынч уктап жаткан жеринен мерт кеткен карапайым элдин арбагы тынчыбай турат. Жетим калган балдардын, жесир калган аялдардын көз жашы төгүлүп турат…
Түркиянын коопсуздук кызматынын өтө маанилүү документтери, окуянын Атамбаевге тиешеси бар экенин тастыктаган фактыларды жакынкы аралыкта береби? Экс-президенттин шору ошондо “шорподой” кайнайбы? Кан коё бербейт…

Булак: Чындык.кг
Кыргызчалаган: Маалымат.кг

Аргумент.kg
Жооп калтыруу