ДАЧА-СУЛУКТАРДЫ УКМКНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАРМАП КЕТҮҮДӨ

Дача-СУлуктарды УКМКнын кызматкерлери кармап кетип жатат. Бул тууралуу айыл тургуну билдирди. Айтымында, эл айылда лидерлерди шайлаган.

“3 күн болду лидерибиздин бирөөнү кармап кетишкен. Кечээ дагы бир баланы кармашып, суракка алып кайра коё беришкенин айтышты, бирок ал бала кайда экени белгисиз бойдон калууда. Бүгүн дагы бир баланы кармап кетишерде арачалап алып калдык. Учурда 7-8 унаа менен күч органдары жүрүшөт”,-деди ал.

Ошондой эле айыл тургуну учурда нааразы болгондор чогулуп, бийликтин бул кылган ишине кандай баа беришерин билбей турушканын айтты.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу