ДАЧА-СУДА КЫЙРАГАН УЧАК БОЮНЧА ДЕПУТАТТЫК КОМИССИЯ ИШИН АЯКТАДЫ

Дача-СУда кыйраган Боинга-747 учагындагы жүк кимге тиешелүү экенин иликтеген депутаттык комиссия ишин аяктады.

“Жүк бир нече юридикалык жактарга таандык болгон, конкреттүү бир физикалык жактарга тиешелүү болгон эмес”,-дешкен иликтөөнүн натыйжасын айткан депутаттар.

Топтолгон материалдарга ылайык, Кыргызстанга 2 тонна жүк түшүрүлмөк.

Жогорку Кеӊештин КСДП, «Ата Мекен», «Өнүгүү – Прогресс» фракцияларынан депутаттык комиссия түзүү жөнүндө сунуш түшкөн.

Кыйраган учакта 85,5 тонна жүк болгону белгилүү болгон.

Убактылуу депутаттык комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирген:

КСДП — Мурадыл Мадеминов, Жанар Акаев, Искендер Кадыркулов; “Кыргызстан” — Канат Исаев, Алмазбек Баатырбеков; «Өнүгүү – Прогресс» — Мирлан Бакиров; «Бир Бол» — Мыктыбек Абдылдаев; «Ата Мекен» — Өмүрбек Текебаев.

Эске салсак, 16-январь күнү Бишкектин четиндеги Дача-Суу кыштагында учак кулап, 40 ка жакын адамдын өмүрү кыйылган. Ошондой эле 20 дан ашуун үй жараксыз абалга келген.

Өкмөттүн эсебинде кайрымдуу жарандардан 100 миллион 350 мин сомдон ашык акча топтолсо, түркиялык тарап жөлөк пулдун 600 миң долларын которгон.

Ал эми жалпы чыгым 195 миллион сомго бааланган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу