Дача-Суга ким канча акча которгон?

Дача-Су айылында болгон авиа кырсыктан жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсеп 28-апрелде жабылган.ӨКМнын маалымдашынча топтолгон жалпы каражат 102 млн сомду түзгөн.Акчалай жардам көрсөткөн уюмдар жана адамдардын тизмеси төмөндөгүдөй:

ӨКМнын атайын эсебине акча которгон мамлекеттик органдар,жеке адамдар,фонддор,мекемелердин кыска тизмеси:

Президентттин аппараты-967 159 сом;

ЖК аппараты- 1 млн 153 205;

Өкмөттүн аппараты-286 564;

Мамлекеттик органдар,жеке адамдар,министрликтер,мекемелер,фонддордун бир күндүк  айлыгы-34 млн 743 000 сом;

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү- 1 млн 077 346 сом;

Мамлекеттик ишканалар-1 млн 964 262 сом;

ЖЧК,ААК- 14 млн 924 262 сом;

Бишкек,Ош,Кемин,Токмок жана башка мэриялар жана муниципиалдык кызматтар- 3 млн 966 934 сом;

КРдагы консулдуктар-1 млн 491 831 сом ;

Жеке адамдар- 1 млн 325 825 сом;

Диаспоралар-157 100 сом;

Топ-20:Эң көп акча которгондор:

Кыргыз темир жолу (кызматкерлердин бир күндүк айлыгы)-3 000 000 сом;

Ош мэриясы-2 657 184,79 сом;

«Газпром Кыргызстан»-2 490 840 сом;

«Манас аэропорту( кызматкерлердин бир күндүк айлыгы)-2 315 659 сом;

Карасуу районунун билим берүү бөлүмү( метеп кызматкерлеринин бир күндүк айлыгы)-1 731 020 сом;

Жогорку Кекңеш-1 153 205 сом;

«Газпромнефть-Аэро Кыргызстан»- 1 000 000 сом;

Германия консулдугу- 999 815 сом;

Лейлек районунун билим берүү бөлүмү-971 559 сом;

«Айыл Банк»-831 611 сом;

Бишкек шаарынын Ленин районунун билим берүү борбору-822 823,45 сом;

УКМК( кызматкерлердин бир күндүк айлыгы)-790 148 сом;

Булак: teznews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу