ДАСТАН ЛЕПШАКОВ БИЛЬЯРД БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КҮМҮШ МЕДАЛДЫ БАГЫНДЫРДЫ

Кыргызстандык бильярдчы  Дастан Лепшаков бильярд боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалды багындырды.

Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.

Маалым болгондой,  Россиянын Югорск шаарында өткөрүлгөн биринчиликтин алкагындагы “Комбинациялашкан пирамида” дисциплинасында Лепшаков россиялык спортчу менен алтын медаль үчүн күч сынашты.

Жолугушуу 5:6 эсебинде жыйынтыкталып, Лепшаков күмүш медалды ээледи.

Эске салсак, чемпионатта Кыргызстан намысын 11 бильярдчы коргоп чыккан.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу