Дастан Жумабеков төрагалыктан кетпесе, кырдаал чатагына айланышы мүмкүн

Өткөн жумада спикер Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин борбордук трибунасынан окшошпосо да Өмүрбек Текебаевди туурап сүйлөп, кыймылдары жарашпаса да калчылдап, оозуңдагы сөзү кошоматтан ары көтөрүлө албай, кала берсе, мамлекетке, элге күйүмүш эткендей түр көрсөттү. Айткан кебинин жугуму жок, жасалма эмоция менен эдиреңдеди. Уят! «Чимкириктин» образы ушундай беле? Негизи Дастан Артисбекович дарыгер агасы Сабыр Жумабековдун кадыр-баркы жана акчанын күчү аркылуу депутат болгон. Спикерлик креслого болсо, 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабановду саясаттан сүрүү амалы көрүлгөндө, анын жердештери таарынбаш үчүн экинчи таластыкты көтөрүшкөн. Багы бар экен, кайып каскагынан келип калды эй! Тилекке каршы, төрагалыкка деңгээли, саясый билими жетпегени үчүн бүгүнкү парламенттин аброю аңга түшүп кетти да. Өз позициясын билдирүүнү мындай кой, жалтактап эле президенттик аппараггын тапшырмасын күткөнүн кесиптештери эле айтып жүргөнү кандай? Саясый сабаты чала, ортозаар Дастан Жумабеков төрдөн түшпөсө акыбал оорлошот. Күзгө карай Жогорку Кеңешке, «элиталык чимкириктерге» карата элдин кыжырдануусу күчөйт, ансыз да булар жеткизип бүтүштү, кокустан эл көтөрүлүп, депутатгарды Акүйдөн дыргаяктата кубалап салса кантебиз? Ошондой капсаландын алдын алуу үчүн төраганы алмаштыруу күн тартибиндеги олуттуу маселеге айланууда.

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу