Дастан Жумабеков таластык жердештерине “крыша” болуп баштады

Бишкек шаардык патрулдук милиция башчысы Талант Барпиев бир жыйында ИИМ министринин орунбасары Алмаз Орозалиевдин эсин эки кылыптыр. “Коё турчу мен сүйлөйүн” – деп колу менен жаңсап, элдин көзүнчө басынтып, ар намысына шек келтириптир. Катуу арданган Орозалиев ордунан тура калып, “Барпиев, сен көптүң, көпкөнүңдү бир жериңден чыгарам” – деп кыйкырып, тез арада кызматтан кетүүсүн талап кылган экен.

Мына иштен алат деп жатканда, Барпиев Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков жердешине кирип жатып ордуна калыптыр. Ошентип, Дастан Жумабеков жаңы ишке киришип жатып, таластык жердештерине “крыша” болуп баштаптыр. Эгер Жумабеков мындай жоруктарын кыла берсе ага даңк жана дүңк! Уят эле…

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу