-Дастан Далабаевич, сиз абакта отурган партиялашыңыз Сапар Исаковго жолугуп келген турбайсызбы? Экс-премьердин абалы кандай экен?
– Ал эми курортко барган жок да. Албетте, шарты анчалык жакшы эмес. Кээде депрессия болот. Мен аларга китептерди бердим. Кубанычбек Кулматовго, Осмонбек Артыкбаевге дагы…
– Алар менен да жолуктуңузбу?
– Ооба, ооба. Себеби, бирөөсү менен жолугуп, башкалары менен жолукпай кетмек белем. Канат Исаевге да кирем дегем. Бирок, аны сотко алып кетишкен экен.
– «Шарты анчалык жакшы эмес» деп атпайсызбы. Ал жерде жаткандардын баарынын шарты бирдей да?
– Ооба, жалпы ошондой. Негизи мыйзам боюнча тергөө абагында отургандарга жок дегенде окуганга бирдеме берип, радио укканга шарт түзүү керек.
– Алардын окуганга мүмкүнчүлүгү жок бекен?
– Менимче, китептер берилет. Бирок, эски китептер да.
– Сапар Исаков эч нерсеге даттанган жокпу?
-Жок.
Булак: “Азия ньюс”