Дары-дармек департаментинде кандай баш аламандыктар бар?

Депутат Аида Исмаилова, Альфия Самигуллина, Евгения Строкова, Аида Касымалиева,
эксперттер, эсеп палатасынын, ИИМдин, экотехинспекциянын жана жарандык коомдун
өкүлдөрү саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерүүдө.

Эл өкүлдөрүнүн айтымына караганда, бул текшерүү саламаттык сактоо тармагындагы эмгек кодексинин  бузулушу, кадр саясаты, дары-дармектерди сатып алуудагы маселелерди, жарандарды сапаттуу медициналык жактан тейлөөдөгү актуалдуу көйгөйлөр себеп болгон. Эксперттердин пикирине таянсак, учурда дары-дармек департаментине караштуу лабораторияда наркотикалык жана психотроптук заттарды эсепке алууда жана сактоодогу, ошондой эле, алардын сапатын текшерүү процедурасында эрежелер одоно бузулган. Эске салсак, бул лабораторияда буга чейин департаменттин азыркы биринчи орун басары Н. Дүйшөналиев иштеп келген. Бул боюнча биздин чыгармачыл топ, өз иликтөөсүн жүргүзүп жатат. Бирок, аталган мекеменин жетекчилиги бул боюнча маалымат берүүнү кечиктирүүдө. Жакын арада бул багыттагы алешемдиктер боюнча маалыматтар жана видеолор жарыяланмакчы.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу