ДАРЫГЕРЛЕР БИРИНЧИ БАЛАНЫ ТӨРӨГӨНГӨ ЫҢГАЙЛУУ ЖАШ КАЙСЫ ЭКЕНИН АНЫКТАП ЧЫГЫШТЫ

Сиз ойлонуп көрдүңүз беле, аял үчүн биринчи баласын төрөгөнгө кайсыл жаш туура
болоорун.

Биздин аймакта биринчи баланы жыйырмадан өтүп төрөөнү туура көрүшөт, ал эми
батышта карьера, саякаттоо үчүн балалуу болууга шашышпайт.

Бул суроого жоопту үй кожойкелери эле эмес, илимпоздор да издешкен.
Техас Университетинин доктору Джон Мироуски изилдөө жүргүзгөн.

Биринчи балалуу болуш үчүн — 34 жаш эң туура болуп чыккан!

 

Фактылар: №1

Аялдын ден соолугу боюнча эксперттер 34-35 жашта биринчи баласын
төрөгөн энелердин ден соолугу, жаш кыздардыкына караганда алда канча
жакшы жетилген. 30 жаштан кийин кош бойлуу болуп төрөө, жашаруунун жана
бырыштардан арылуунун бирден бир жолу болуп эсептелет.

 

Фактылар: №2

Физикалык жактан көтөрүү боюнча ушул курак организмдин
жетилген чеги болот, боюнда болууда жана төрөттө кошумча ооруларга
чалдыгуу коркунучу жок.

 

Фактылар: №3

34-35 жаштагы аял, статистика көргөзгөндөй, өнөктөшү менен туруктуу
мамиледе болот. Баласын чоңойтууда профессионалдуулугу жана
жоопкерчилиги жетиштүү болот.

 

Фактылар: №4

Акырында: жөнөкөй логикага таянсак, адамды жашоого алып келүү
тагдырыңызды түп тамырынан өзгөртөт, бул жерде жеңил ойлуу болгонго
болбойт. Эне болгуңуз келсе алдын ала пландаңыз!

Булак:anan.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу