Дарыгерлер: башты жумасына эки ирет гана жууш керек…

Москвалык дарыгерлер ысык суу куюлган ваннада беш мүнөттөн ашык жатпоо керектигин сунушташат. Бул тууралуу «Исвестия» басылмасы жазды.

Шаардык ден соолук департаментинин бөлүм башчысы Василий Фроловдун айтымында, 40 градус ысык болгон сууда 5 мүнөттөн ашык жатпаш керек. Ал эми 35 градустагы ысык сууда 15 мүнөткө чейин жатса болот.

Адистердин ырасташынча, ысык сууда жатуу терини тез карытат. Андан сырткары, мочалканы тез-тезден колдонуу териге микрожаракат алып келет. Ошондой эле башты күн сайын жууган болбойт, жумасына экиден көп эмес жолу жууп туруу жетиштүү.

Булак: «sputnik.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу