Дариха Ишанова: Өмүрбек Мырза, калп айтып жатканда өзүңүздү ыңгайлуу эле сезесизби?

Өмүрбек Бабанов Баткендеги эл менен жолугуу учурунда «Араңарда бизнесмендер болсо, өндүрүштүк ишкана, завод салсаңар, проект жазсаңар анда «Кыргыз-Орус» фондунан кредит алууга жардам беребиз»,-деп айтты.

Өмүрбек Токтогулович, сиз эмнеге 17 млн$ каражатка завод же өндүрүштүк ишкана салбай, аялыңызга базар салып бердиңиз. Ушунтип сүйлөгөндөн уялбайсызбы? Миңдеген карапайым адамдар ала турган кредитти жалмап коюп, анан сулуу киши болуп сүйлөп жатканда өзүңүздү ыңгайлуу эле сездиңизби?..

Баткендиктер «Кыргыз — Орус» өнүктүрүү фондунан 4% менен 17 миллион долларды кайра элге өзүнүн «АКБ Кыргызстан» банкы аркылуу 18% менен таратып, элдин чөнтөгүн кагып жатканы тууралуу маалыматы жок окшойт…

Булак: nazarnews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу