Дарбыздан уулануудан сак болуңуз!

Дарбыздан ууланып калуудан сак болуңуз! Андагы нитраттар адамдын жашоосуна өтө кооптуу. Себеби эрте бышкан дарбыздарды түрдүү химикаттар менен өстүрүшөт. Ошондуктан, дарбызды туура тандоону билген оң. Башка өсүмдүктөргө караганда дарбыз зыяндуу азот кычкылын өзүнө көп жыйнаган өсүмдүктөрдүн катарына кирет.

Дарбызды көлөмүнө карап тандаңыз

Дарбыз канчалык кичинекей болсо ошончолук жакшы. Жай мезгилинин алгачкы айы болгондуктан чоң көлөмдөгү дарбыздар дагы бышып, жетиле элек жана мүмкүн эмес. Ошол себептен мындай убакытта кычирек дарбызды сатып алган туура.

Дарбызды жолдун жээгинен сатып албаңыз

Көп эле көрүп жүрөбүз дарбыз бышты дегенче жолдун жээктерине тизиле саткан соодагерлерди. Бирок жол жээктериндежана базарларда жерге коюлуп сатылган дарбызды албаш керек. Анткени жерге коюлган дарбыз өзүнө көптөгөн газдарды, зыяндуу заттарды сиңирет экен. Ошону менен катар, дарбыздын кабыгына турдүү заттар жабышат. Ал эми аны канчалык жуусаңыз да толугу менен тазалай албайсыз. Дарбыз жана коонду атайы жерлерден, сертификаты бар дүкөндөрдөн сатып алган жакшыраак. Баасынын кымбат болгонуна карабастан ушундай жерлерден соода кылыңыз.

Сабагына көңүл буруңуз

Дарбыздын сабагы кургак болуш керек. Сабагына маани берип карай турган болсоңуз, анын көк бойдон жулунганын байкоого болот. Эгер сабагы жашыл же курч бычак менен кесилген болсо, бул толук быша элек дарбыз дей бериңиз. Ошону менен катар мындай белги дарбыздын узак убакыт бою туруп калганынан кабар берет. Ал эми сабагы жок дарбызды таптакыр сатып алуунун кереги жок.

Толук бышкан дарбыздын кабыгында сары жолдор болот. Дарбызды туура тандай албагандар ушундай сары сызыктардан коркушат. Тескерисинче бул дарбыз өтө даамдуу жана толук бышкан болуп саналат. Ошондой эле, дарбыздын кабыгын кырып көрсөңүз, алдынан аппак кабык жана дарбыздын жыпар жыты чыгышы керек. Бул да дарбыздын бышканынын бир белгиси болуп эсептелет.

Ийне сайылбаганына көз жеткириңиз

Дарбыздын кабыгына дыкат караңыз. Анда айнелерден калган тешиктер болушу мүмкүн. Тактап айтканда, дарбыз табигый жол менен бышып жетилбегенде, аны жер семирткичтерди салуу аркылуу тез кызартууга аракет кылышат. Мындай жол менен дарбызды гана эмес, помидорду да селитра менен убактысынан мурун кызартып бышыргандар да бар. Кабыгында ушундай тешиктер менен кара точкалар болсо да сатып албаңыздар.

Базарда болобу, дүкөндө болобу дарбызды сатып аларда кесип көрсөтүүсүн суранбаңыз. Анткени бул учурда жуулбаган, кир бычактан, дарбыздын кабыгынан зыяндуу заттар кириши мүмкүн.

Дарбыздын курамында нитраттын бар-жогун кандай аныктайт?

Ал үчүн дарбызды үйгө алып келгенден кийин сууга салып коюш керек. Ошондо дарбыз суунун бетине калкып чыгат же түбүнө чөгөт. Сууга чөккөн дарбызды ойлонбостон сатуучуга кайра алып барып берсеңиз болот. Аны жегендин кереги жок.

Дарбызды кескенден кийин ортосунда сары түстү жип сыяктуу эттерди көрсөңүз, бул нитраттар болуп саналат. Кесилген дарбыз бир өңдө болсо гана анын жер семирткичсиз, таза өстүрүлгөнүнөн кабар берет.

Балдарга дарбызды ортосунан кесип бериңиз

Адистер дарбызды кесип жегенде эттүү жеринен 3 сантиметрдей калтырыш керектигин айтышат. Себеби, кабыгына жакын жердеги эттүү жеринде нитраттар көп топтолот. Ошондуктан дарбыздын бир бөлүгүн толук жебей,аз-аздан жеген оң. Ал эми ууланып калуудан коргонгуңуз келсе, өзгөчө балдарга ортосунан кесип бериңиз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу